Кара-Суу районунда он тогуз мектеп курулууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКара-Суу районунда он тогуз мектеп курулууда
Кара-Суу районунда он тогуз мектеп курулууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 59 миллион сомго Кара-Суу районунда 27 социалдык объект, анын ичинде эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, он тогуз мектеп, үч спортзал курулуп жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Кара-Суу районунда республикалык бюджеттин эсебинен 27 социалдык объект курулуп жатканын Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Спортзал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда спорт интернатын куруу пландаштырылууда
Ага ылайык, объекттердин курулушуна жыл башынан бери республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 59 миллион сом бөлүнгөн. Мындан улам Кара-Суу районунда бюджеттин эсебинен 27 социалдык объект, анын ичинде эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, он тогуз мектеп, үч спортзал курулуп жатканы белгилүү болду. 

Андан тышкары аталган райондо түрк кредитинин эсебинен Савай, Кашкар-Кыштак, Учар, Стан, Сары-Колот, Беш-Мойнок жана Төлөйкан айылдарында жаңы мектептер курулду.

Капиталдык салымдар – кыргыз өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү долбоорлордун сметалык каржылоосун өз ичине камтыган өнүктүрүү бюджетиндеги берене. Мамлекеттик артыкчылык орундагы социалдык-экономикалык мааниге ээ объектилерди өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0