Өкмөт аймактык аэропорттордун багын ачууга ниеттенип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный аэропорт в селе Тамчи Иссык-Кульской области . Архивное фото
Международный аэропорт в селе Тамчи Иссык-Кульской области . Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы Аймактык аэропортторду өнүктүрүү үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя алууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү аймактык аэропортторду өнүктүрүү маселелерин талкуулаган жумушчу жыйында, тиешелүү органдарга бул жаатта тез арада атайын долбоор иштеп чыгууну тапшырды. 

Ысык-Көл эл аралык аэропорту Тамчы шаарында - Sputnik Кыргызстан
Тамчыга Оштон алгачкы учак келип конду
Жыйын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, "Манас" эл аралык аэропортунун жана Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги өлкө аймактарындагы аэропорттордун абалы боюнча маалымат беришти.

Премьер-министр Темир Сариев аларды оңдоо менен жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү, транспорттук инфраструктураны жакшыртуу өкмөттүн милдеттеринин бири экенин айтты.

Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев Жалал-Абад жана Исфана шаарларындагы аэропортторду реконструкциялап, өнүктүрүү планы иштелип жатканын кабарлады.

Өкмөт башчысы аталган тармакты өнүктүрүү боюнча долбоорго Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя алууга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0