Репрессиядан калган тайган жана дервиш болуп ит издеген Майрамкул байке

Жазылуу
Таза кандуу тайгандын тукумун сактап калам деп буга 10-15 жылдын өмүрүн кетирген Майрамкул Асаналиев менен баарлашуу үчүн барсак, ошол түнү уурдатып жиберген "Мар" аттуу тайгандын күйүтү менен отурган экен.

Сөзүбүз бак ичинде көлөкөлөп жаткан Мардын сегиз айлык Каган аттуу күчүгүнүн жанында дароо эле жоголуп кеткен тайгандан башталып кетти.

— Марды бакканыңызга канча болду эле?

Таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүгү
— Өзү эки жаштагы тайган болчу. 8-9 ай багып, уурулар түгөйүн уурдап кеткенден кийин жашырып ушул үйгө алып келип багып аткам. Таза кандуу эле. Элита деп коет, киши карап эле тургудай көркөмү да башкача болчу. Ушуну менен төртүнчү ирет тайган уурдатып атам, чынын айтсам бул жолу шайым ооп калды. Канчалаган эмгек кетти. Жалаң ушу уурулардын азабынан тайгандарымдын көбүн Көлгө жеткирип, ошол жактан бактырып атам.

— Сиз аны кайдан алдыңыз эле?

— Таза кандуу тайган алуу үчүн улам асылдандырып отуруп 10 жылдай убактым короду. Мар жетинчи төлдөн жаралган тайган. Негизи 5-6 муундан кийин кан асылданат экен. Марды эки жыл багып, карышкырдын кынуусун алсын деп аны менен кошо карышкыр да бактым. 11 айында карышкыр алган тайган болчу.

— Кыргыздын тайгандары ушунча баалуубу?

— Кыргыз тайгандары тоо-ташка ылайыкташкан. Башында көкүлү, капталдарында, шыйрактарында жүнү бар. Тайган жүргөн жерге башка иттер жүрө албайт, тайганга шагыл, тоо-түздүн айырмасы жок. Мисалы, ошол эле казактын таз атту иттеринин породасы биздин тайгандардай суукка байымдуу эмес. 

— Таза кандуу тайганды кантип айырмалоого болот?

— Куйругу чыгырык түрүндө келип, жылаңач, б.а., жүнү жок болот. Башында көкүлү, капталдары, шыйрактары жүндүү болуп, багалектүү келет. Кыраандары коркконду билбейт, көздөрү күйүп турат. Тайган чуркаганынан айырмаланып турат. Атылма деп коет, турган жеринен кетет. Күлүк тайгандын басыгы да, чуркаганы да жоргонукундай жеңил болот. Башка тукумдагы иттерди сүйбөйт. Өлтүрүп коет. Кишиге аябай жакын келет. 

— Ошончо күчтүү болобу?

— Жок, булар ыкка салып өлтүрөт. Алдайт, чарчатат. Шамдагай, чапчаң болуп, чукул бурулууга жөндөмдүү. Бир сутка тынбай чуркай беришет. 

— Багуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айта кетсеңиз…

— Оорутпаш керек. Тайгандын күчүгү мажирөө болот. Карабасаң өлүп калат. Азабы көп. Менин багуу ыкмам бир аз катаал. Колтугу катып кетпеши үчүн күнүгө чуркатып, кадимкидей эле машыктырып туруу керек. Тайган дайым кыймылда болуп турушу зарыл. Камоодо көбүрөөк туруп калса бук болот. Талаа-түздө чуркап, бир нерсени кууп, өлтүрүп турушу керек. Акырын эле кекиртектеп коюп, четке чыга берет. Мээрим төгүп, жакшы карасаң тили жок жан шеригиңе айланат. Мисалы, мен баккан 8-9 айлык күчүктөр алгач суурга салынып, бара-бара коен, кашкулак, андан кийин чөө, түлкүлөрдү өлтүрүп, бир жыл болгондо карышкырга кол салат.

— Тайганга эмне болуп кызыгып калдыңыз эле?

Улуттук ат оюндарынын бул жылдагы сезону жыйыныкталды
— Менин таяталарым куш таптап, тайган баккан адамдар болчу. Мен таяжуртумдун колунда өстүм. Бүркүт-ителгисин карап, тайгандарына тамак берип жүрүп, мээме кыттай орноп калса керек. Азыр ойлосом даана таза кандуу тайгандар ошолордуку экен. Бала кезде жердин баарында эле тайган болсо керек деп ойлочумун. Күчүктөрдү ошо кичинекей чагымда эле көп уурдатчумун, акыркысын алдырып ийип, шаарга окууга кетип калдым. Сүрөтчүлүктү окуп, 1996-жылы академияны аяктагандан кийин баягы тайган эсиме түштү. Учугу үзүлүп бараткан экен, жер-жерлерди кыдырып тайган издеп дербиш болуп кеттим. Ошентип жүрүп араңдан зорго сурамжылап отуруп Таластагы Кызыл-Чарба деген айылдын тоосунан бир тайган таптым. Сүйүнгөнүмдү айтпа. Ал жактан келип, тайган бар жерлерди кадимкидей тизмелегем. Тайганчыларды чогултуп, тукумун сактап калалы деп аракеттенгем. Нарын тарапта тайган менен атагы чыккан Жер-Көчкү деген жерге бардым. Эмнегедир ошол кезде Кыргызстан боюнча кутурманын шылтоосу менен бир топ тайганды ит атарлар атып кеткен экен. Таласка барганда "репрессиядан калган бир тайган бар, ошону катып багып атабыз" деп күлүшкөн. Аны суранып атып алып келип, Кара-Балтадагы тайганга кошуп, ошентип "эмгек жолум" башталган.

— Оюңуз, демилгеңиз колдоого алындыбы анан?

— Колдогону да болгон, "эми ушу итти да кеп кылабы" деп шылдыңдагандар да болгон. Улуттук баалуулуктарыбыздан айрылып кала жаздаганбыз да. Эч ким деле жардам берген жок, өзүмдүн кызыгуум менен эле алпурушуп жүрө бердим. 

— Келинчегиңиз да тайганга кызыгат деп уктум эле…

— Биринчи тайган боюнча түшүнүгү да жок болчу. Бир жолу мен Кытайга кетип, багып калды да. Тайган билинбегени менен адамды аябай өзүнө тартат. Кийин менден кыйын болуп чыга келбедиби. Ооруса да бачым эле айыктырып коет. Канча эт ташыды аларга. Кийин уурдай баштаганда экинчи тайганды кулагыма угузба деп калды. Ичи күйүп калыптыр.

— Азыр тайган боюнча Кыргызстанда абал кандай?

Салбуурун – Кыргыздардын салттык аңчылыгы - Sputnik Кыргызстан
Салбуурун боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты өттү
— Кудайга шүгүр, азыр тайган сүйүүчүлөр, барктап баа берүүчүлөр көбөйүп калды. Бирок, өзгөчө бир берилгендик болбой жатат окшойт, иш бир аз токтоп турат. Мен мисалы, тукум алыш үчүн ушул жерден атайы кайсы жерде жакшы тайган болсо ошол жерге барып кошуп келчүмүн. Ошо кезде мага студенттер демөөрчү болушар эле. Мен айтып берген байыркынын санаты аларга да таасир берчү. Биртике акча чогултуп беришет, үй-жайды таштап коюп ошону менен кетем. Азыр кичине акыл-эс кирип, ошолорду эстесем, бир чети таң калып, бир чети коркуп кетем. Аялым да урушчу, "атып эле салчу кишисиң" деп. Мен го мен болдум, тайган деп жүргөн бир апенди чалышмын, ошо мага ишенген адамдарга эмне болду дейм да (күлүп). Кандай болгон күндө да, тайганды сактап калдык да.

— 3-4 жыл катары менен салбурун фестивалдарын өткөрүп жүрдүңүз…

— Биринчи Таласта өткөрдүм. Ошондон кичине козголуп калды. Андан кийин Бишкекте ипподромдо уюштурдум. Директору жаман көргөн, итке да киши келмек беле деп. "Итти деле сүйгөндөр бар чыгар" деп тырмышып жатып өткөргөм. Турусбек Мамашев колдоп кетти. Эртең башталат деген күнү таластыктар сүйлөшүп койгон карышкырын бербей коюп, Мамашевдин берген акчасы менен ошо түнү менен Ат-Башыдан карышкыр алдырганбыз. Суусамырдагысын ыраматылык Табылды Эгембердиев агабыз колдоду. Шар киши эмес беле, четин чыгарсам, "Суусамырга өткөр, мен да барам" деп өзү кошо аралашып кетти. 

— Бул боюнча башка элдин өнөрүн көрдүңүзбү?

Көк бөрү оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис: Казакстан быйыл бизден аттап, көк бөрүнү ЮНЕСКОго каттата албайт, бирок…
— Эки жыл мурун Дубайга барып, шумкар аңчылыгын көрүп келдим. Эми алардыкы укмуш… Шумкардын учушу да башкача экен. Мүнүшкөрлүк өнөрүн ушунча өнүктүрүшүптүр. Алыс барбай эле казактарды алалычы. Таздары үчүн атайы питомниктер курулуп, мамлекеттин деңгээлинде иш жүрөт. Биз өз киндигибизди өзүбүз кесип атпайбызбы. Ушундай колдоо болсо биз деле көп ийгиликтерге жетишмекпиз. Бизде азыр таза кандуу тайгандын күчүктөрү 200 доллардан жогору, ал эми өзү 80 миң сомдон өйдө бааланат.

P.S. Эки күн өткөндөн кийин материал жазууга киришип жатсам, Майрамкул байке чалып Мардын табылганын айтып сүйүнчүлөдү. Апенди чалыш адам бала кыял болот эмеспи, байке да балбалактап, кубанычын айтууга сөзү жетпей аткан чак экен. Кубанычтуу кабарга мен да сүйүнүп калдым.

Жаңылыктар түрмөгү
0