Румыниянын Deepside Dееjays тобу Кыргызстанга келет

© flickr.com / David ChauДиджей иш жайында. Архив
Диджей иш жайында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы экинчи ирет өтүп жатат.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Румыниянын Deepside Dееjays музыкалык тобу Кыргызстанда өтө турган "Мейкин Азия" фестивалына келерин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Быйыл экинчи жолу уюштурулуп жаткан эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы 23-25-июлда Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" маданий борборунда өтөт. 

"Мейкин Азияга" катыша турган кыргызстандык аткаруучулар аныкталды
Румыниялык топ "I’ll never be alonе" ("Мен эч качан жалгыз болбойм") ыры менен атагы чыккан. 

9-10-июль күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өткөн тандоо турунун натыйжасында, фестивалга Кыргызстандын атынан Руслан Асанкан уулу, Адилет Азимов, Ак Мөөр Болотбек кызы, Жийдеш Идирисова жана Аксай Муканбет уулу катыша турганы аныкталды.

2013-жылдын июль айында өткөн биринчи конкурстун баш байгесин казакстандык Димаш Кудайберген багындырган. Биринчи орунга Владислав Левицкий (Украина) ээ болсо, экинчи байгени кыргызстандык аткаруучулар Ислам Акматов, Курал Чокоев жана Тажикстандан келген Сабина Шамседге ыйгарылган. Ал эми үчүнчү орунга Россия, Кытай жана Армениянын өнөрпоздору ээ болушкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0