Спорттук уюмдар Кыргызстанга заманбап спорт стадиондун зарылдыгын айтышууда

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөт башчы Темир Сариев дене тарбия жана спорт агенттиги, Кыргызстандын Футбол Федерациясы жана Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен жолукту.
Өкмөт башчы Темир Сариев дене тарбия жана спорт агенттиги, Кыргызстандын Футбол Федерациясы жана Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жаңы спорт стадионду куруу үчүн кеминде 100 миллион доллар зарыл жана ал ири комплекс болуп, спортту бир нече түрү менен машыгууга мүмкүндүк түзөт.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Дене тарбия жана Спорт агенттиги, Кыргызстандын Футбол Федерациясы жана Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрүнүн пикиринде, Кыргызстанда жаңы стадион куруу зарыл. Бул туурасында өкмөт башчы Темир Сариев өткөргөн жыйында айтылды.

Cтадиондо коопсуздукту күчөтүү планын иштеп чыгууга Сариев беш күн берди
Спорт боюнча Кыргызстанда иш алып барган бир катар ведомстволор Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион заманбап талаптарга жооп бербестигин, анын ордуна жаңысын куруу зарылдыгын айтышты. Аны ишке ашыруу үчүн 100 миллион доллар керектелет жана ири комплекс болуп, спортту бир нече түрү менен машыгууга мүмкүндүк түзөт. Муну менен 30 миллион долларга бааланган 25 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган футболдук стадион гана куруу боюнча экинчи планы да сунушталды.

Премьер-министр Темир Сариев жаңы стадион куруу маселенин орундуу экенин белгилеп,тиешелүү органдарга жаңы стадионду куруу боюнча атайын долбоор иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0