Кыргызстанда садага-битир үкөктөрүнө мөөр басылып, даярдалууда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМусулман. Архив
Мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда быйыл битир-садага өлкө аймагындагы буудай баасынын эсеби менен бир киши үчүн 40 сом деп белгиленген.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Облустун бардык аймактарындагы мечиттерде коюлган бардык битир-садага үкөктөрү борбордук текшерүү комиссиясы тарабынан мөөр басылып бекитилүүдө. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Борбордук текшерүү комиссиянын мүчөсү Деңиз Бекишев учурда эки облуста уюштурулган үкөктөргө мөөр басылып бүткөнүн айтты. 

"Ош, Чүй облустары менен Бишкек шаарындагы мечиттерде битир-садага үкөктөрү толук мөөр басылып бекитилди. Калган дубандарда бул иштер уланууда", — деди Бекишев.

Адис Орозо айы аяктаган соң битир-садага үкөктөрүн атайын түзүлгөн комиссия топтору ачып, колунда жок, жетим-жесирлерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге таратып берилерин кошумчалады.

Кыргызстанда быйыл битир-садага өлкө аймагындагы буудай баасынын эсеби менен бир киши үчүн 40 сом деп белгиленген.


Жаңылыктар түрмөгү
0