Башкы прокуратурада адам укугун көзөмөлдөө бөлүмү ачылат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСоттун отурумунда. Архив
Соттун отурумунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ачыла турган бөлүмдүн негизги максаты адам укугун жана эркиндигин сактоого көзөмөл жүргүзүү жана кыйноого каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун арттыруу болуп саналат.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Башкы прокуратурада сот процессине чейин адам укугун көзөмөлдөө бөлүмү ачыла турганын мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Камакка алынган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаранды 18 саат кыйнаган милиционер 15 жылга кесилиши мүмкүн
Жаңы ачылу бөлүмдүн иши адам укугун жана эркиндигин сактоого көзөмөл жүргүзүү жана кыйноого, адамдык ар-намыска шек келтирүүгө каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун арттырууга багытталат. 

Аталган бөлүм акыйкатчы институту, кыйноонун алдын алуу улуттук борбору жана бир катар эл аралык уюмдар менен иш алып барат. 

Учурда Башкы прокуратура бөлүмдүн башка институттар менен кызматташуусунун жол-жоболорун иштеп чыгуу үчүн чет элдик тажрыйбаларды өздөштүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0