КРдин Башкы штабынын маалымат кызматына Түркия техникалык жардам көрсөттү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жоокерлери. Архив
Кыргызстандын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео-аудио аппаратура түрүндө берилген жардамдын жалпы суммасы 17 миң доллардын тегерегинде болду.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат кызматына бүгүн Түркия тараптан жөнөтүлгөн техникалык жардам тапшырылат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Маалымат кызматы Башкы штабдан Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде аскердик-материалдык кызматташуунун алкагында өз ара жардам берилип келгендигин билдирди. Бул сапар Түркия тарап Башкы штабдын маалымат кызматына техникалык жардам көрсөттү. 

"Видео-аудио аппаратура түрүндө берилген жардамдын жалпы суммасы 17 миң доллардын тегерегинде болду", — деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматынан.

Түркия менен соңку жардам жөнүндө келишим Башкы штаб Коргоо министрлигинин тейлөө комбинатын заманбап жабдыктар менен камсыздоо боюнча түзүлгөн. Түркиянын Куралдуу Күчтөрүнүн жардамын жеткирүү максатында алардын "NGS" компаниясы менен 500 миң АКШ долларлык тиешелүү келишимге кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0