Бейшенбай Жунусов баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү борборун жетектеди

© Пресс-служба президента КРБейшенбай Жунусов баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү борборун жетектеди
Бейшенбай Жунусов баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү борборун жетектеди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшенбай Жунусовдун талапкерлигин Азербайжандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери жактырды.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Бейшенбай Жунусов Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азиянын аймактык маалыматтык координациялоо борбордун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. 

Президент Алмазбек Атамбаев бул кызматка Бейшенбай Жунусовдун талапкерлигин сунуштаган. Анын талапкерлиги Азербайжандын, Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери тарабынан жактырылып бекитилди.

Бул кызматка дайындалганга чейин Бейшенбай Жунусов КР Коргоо кеңешинин катчысы жана Улуттук коопсуздук органдарынын тутумунда жетекчилик кызматтарды ээлеп келген.

Уюм Борбордук Азия мамлекеттеринин, ошондой эле Россия менен Азербайжандын баңгибизнеске каршы күрөшүү аракеттерин жөнгө салат. Уюмдун катчылыгы Алматы шаарында жайгашкан. Уюмдун негизги максаты ага мүчө мамлекеттердин компетентүү органдарынын эл аралык баңги кылмыштарына каршы туруу аракеттерин жөнгө салуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0