Кыргызстан боюнча 12 миңден ашык кишинин паспорту жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда документи жок жарандарга документ алып берүү иш-чарасы жүрөт.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Бишкек шаардык мэриясы жаңы конуштардагы катталбаган жарандардын санын кыскартуу боюнча иш баштады. 

Вице-мэр Айгүл Рыскулова жарандыгы жок жарандарды Бишкекте каттоо кыйын болуп жатканын айтты.

"Документи жок жарандар мамлекеттик жана социалдык кызматтарды пайдаланууда кыйынчылыктарга дуушар болуп келет. Бул Бишкек шаары үчүн чоң көйгөй жаратууда", — деди ал.

Четтен келген кыргыздардын көбү документи жок кыйналууда
Бишкек шаарынын айланасында жалпысынан 48 кичи конуш бар. Үч ай ичинде 12 атайын топ түзүлүп, алар тактоо иштерин алып барышат.

Бишкек шаарындагы эки районго караган жаңы конуштарды текшерүү учурунда 100 баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок экени аныкталган. Алар мектепке жана бала бакчаларга барууда маселелер жаралат.

Ошондой эле эски үлгүдөгү паспорт менен жүргөндөр да аныкталган.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, өлкө боюнча 12 миңден ашык кишинин паспорту жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0