Кыргызстанда ата-эне тарабынан каралбай калган 16 миңден ашуун бала бар

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЖаш бала. Архив
Жаш бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жыл башынан бери 29 бала ырайымсыз мамилеге, дагы 9 бала зордук-зомбулукка кабылганын маалымдады.

БИШКЕК, 27-июнь — Sputnik. Кыргызстанда ата-энеси тарабынан каралбай калган балдардын саны 16 миң 680ге жеткенин Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, статистикага ылайык, республика боюнча 16 миң 452 бала ички мигрант, ал эми 16 миэ 236 бала тышкы мигрант болуп саналат.

"Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери мектептен билим албаган 5 миң 363 баланын, мектепке таптакыр барбаган 59, эмгекке тартылган 1 миң 646 баланын эсебин алышкан", — деди министр.

Базарбаев жыл башынан бери 29 бала ырайымсыз мамилеге, дагы 9 бала зордук-зомбулукка кабылганын кошумчалады.

Аялдардын түрмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдарга жана жаш курагы жете электерге мунапыс жарыяланат
Министр мекеменин демилгеси менен балдарга карата зордукчул мамилеге жол бербөө боюнча 11 министрлик жана мекеме тарабынан макулдашууга кол коюлганын белгиледи. Базарбаевдин айтымында, анын натыйжасында бир катар алдын алуу иштери аткарылган.

Өз кезегинде премьер-министр Темир Сариев балдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдардын ишине төмөн баа берип, начар иши үчүн айрым мекеме, министрлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилерине сөгүш жарыялады.

Жаңылыктар түрмөгү
0