Ош мэриясы: шаардагы менчикке берилип кеткен жер тилкелери кайтарылды

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында сатылып кеткен муниципиалдык, мамлекеттик менчиктеги объектилер кайрадан кайтарылып алына баштады.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Оштун экс-мэрлери тарабынан мыйзамсыз менчикке кеткен жалпысынан 36 миң 374 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул маалыматты Ош мэриясынын маалымат кызматы таратты. 

"2014-жылга чейинки шаар бийлигинин мыйзамсыз аракеттеринен улам, Ош шаарында коомчулуктун пайдалануусундагы бир нече социалдык объектилер жеке менчикке сатылып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат кызматы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин демилгеси менен мурдагы жылдарда мыйзамсыз менчиктештирилип же түрдүү жолдор менен сатылып кеткен муниципалдык, мамлекеттик менчиктеги обьектилерди кайтарып алуу аракеттери өз натыйжасын берди деп билдирген.

"Соңку эки жылда Исанов көчөсүндө жайгашкан "Жеңиш" паркы, Карл Маркс, "Базар", Асранкулов көчөлөрүндөгү, "Ата-Түрк" паркындагы жер тилкелери, "Алтын Балалык", "Чой балык" бассейндери муниципиалдык менчикке кайтарылып алынды", — деп маалымдалган билдирүүдө.

Мэриядан буга чейин Ош шаарындагы кароосуз калган "Ата-Түрк" сейил багы август айында колдонууга бериле тургандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0