Кытайдын жеңилдетилген кредит берүүсү каралган мыйзамга президент кол койду

© Фото / фото предоставлено ассоциацией ЗамандашКытайдын жеңилдетилген кредит берүүсү каралган мыйзамга президент кол койду
Кытайдын жеңилдетилген кредит берүүсү каралган мыйзамга президент кол койду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кызматташуу боюнча Макулдашуу ратификацияланды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташууга өбөлгө түзгөн Макулдашууну ратификациялоого кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

"КР өкмөтү менен Кытай өкмөтүнүн ортосунда эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамды Жогорку Кенеш 2015-жылдын 1-апрелинде кабыл алган.

КР Тышкы иштер министрлиги Кытай өкмөтүнө Кыргызстан тарабынан аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирүүгө милдеттендирилди.

Макулдашуунун максаты — Кытайдын техникалык-экономикалык жардамынын эсебинен гранттык жана кредиттик долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз жана Кытай Өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташуу үчүн базалык жана мыйзамдык негиздерди түзүү болуп саналат. Кытайдын техникалык-экономикалык жардамы акысыз негизде жана жеңилдетилген кредиттер түрүндө берилет.

"Макулдашууну ратификациялоо финансылык-экономикалык кесепеттерди жаратпайт", — деп айтылат өкмөттүн парламентке жөнөткөн өкмөттүн кортундусунда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0