Нарын жана Чүйдүн кээ бир жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүНарын жана Чүйдүн кээ бир жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт
Нарын жана Чүйдүн кээ бир жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын жана Чүй облусундагы эки айылдык кеңеште шайлоо мөөнөтүнөн мурда 17-майда өтө турган болду.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Нарын жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн 17-майга белгилөө боюнча Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирет. 

"Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) сунушу кабыл алынсын жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылдык кеңеши, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши таркатылсын. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2015-жылдын 17-майына дайындалсын", — деп жазылат маалымат кызматы тараткан Жарлыкта. 

БШКга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону КР мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу, ал эми өкмөткө шайлоону өткөрүүгө каражат бөлүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу чараларын көрүү милдети тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0