Элебаев: электр энергиясынын тарифи эки айдан кийин өзгөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектр энергиясынын тарифи эки айдан кийин өзгөрөт
Электр энергиясынын тарифи эки айдан кийин өзгөрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-июндан тарта карапайым калк үчүн электр энергиясынын баасы 14 тыйынга кымбаттайт.

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу жылдан-жылга өсүүдө
БИШКЕК, 26-мар. —Sputnik. Кыргызстандагы электр энергиясынын тарифи 1-июндан баштап өзгөрөрүн Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев "Энергетикадагы маселелер жана аларды чечүү жолдору" аттуу кереге кеңеште билдирди.

Анын айтымында, бир киловатт саат электр энергиясынын баасы 70 тыйындан 84 тыйынга чейин көтөрүлөт.

Учурдагы электр энергиясынын тарифи боюнча 700 киловатт сааттан ашкандар 1 сом 82 тыйын төлөшөт. 1-июндан тарта бул баа кандай болору азырынча белгисиз. Ошондой эле, өнөр жай ишканалары үчүн да тариф өзгөрөт.

Буга чейин электр энергиясынын тарифи 1-апрелден тартып кымбаттайт деген маалыматтар айтылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0