Атамбаев Европага болгон иш сапарын Австриядан баштайт

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүАтамбаев Европага болгон иш сапарын Австриядан баштайт
Атамбаев Европага болгон иш сапарын Австриядан баштайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын президенти Европадагы алдыңкы мамлекеттин лидерлери менен жолугат.

Алмазбек Атамбаев Европа мамлекеттерин кыдырат
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Европа мамлекеттерине боло турчу расмий сапарын Австриядан баштай турганын КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Андан кийин француз президенти Франсуа Олланд менен жолугат. Франциядан кийин Швейцарияга барат. Андан сырткары Бельгияда Европа биримдигинин жетекчилиги менен жолугушуусу болот. Ошондой эле, Германияга барып, канцлер Ангела Меркель менен жолугат.

Исаков буга чейин Кыргызстандын президенттеринин Европа мамлекеттерине болгон расмий-иш сапары бул деңгээлде болбогонун белгилеп, мамлекеттин тандап алган өнүгүү жолун Европа биримдиги колдой турганы айгинеленип турат деп кошумчалады. 

"Бардык жолугушууларды талкуу үчүн кеңири темалар болот. Биздин сырткы жана дүйнөлүк саясатка тийиштүү маселелерибиз активдүү колдоого алынууда. Бул мамлекеттер бизде боло турчу шайлоону өткөрүүгө техникалык жана каржы жагынан жардам берип келет", — деди ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0