Кант авиабазасынын аскер кызматкерлери парашюттан секирүү боюнча машыгууда

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүПарашюттан секирүү боюнча машыгуу. Архив
Парашюттан секирүү боюнча машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кант шаарында жайгашкан авиабазадагы машыгуулардан 100гө жакын учкучтар менен парашюттук десант кызматынын адистери өтүп жатат. Быйыл алар Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскер салтанатына катышат.

БИШКЕК, 18-мар — Sputnik. Кант базасында жайгашкан россиялык аскер кызматкерлери Ми-8 МТВ вертолётторунан парашют менен секирип, белгиленген жерге туура түшүүгө машыгып жатат деп билдирет РИА Новости шаршемби күнү Борбордук аскер аймагынын (БАА) маалымат кызматына таянуу менен.

"Кант авиабазасынын 100гө жакын учкучу менен парашюттук десант кызматынын адистери парашюттан секирип, жерге так түшүү боюнча машыгууга киришти", — деп айтылат билдирүүдө.

Үстүдөгү жылы пландык учуу жана тактикалык машыгуулар менен ЖККУ мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен окууларынан сырткары, россиялык учкучтар Бишкекте Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскер салтанатына да катышмакчы. Төрт Су-25СМ штурмалоочу учактын жана Ми-8 вертолётунун көрсөтмөлүү учуусу пландалган.

"Кыргыз Республикасынын аскер жетекчилиги менен макулдашуу боюнча салтанаттуу жүрүштө Россиянын мамлекеттик желегин жана авиабазанын аскер туусун алып желекчилер тобу, ошондой эле 64 аскер кызматкери өтөт", — деп белгилешти БААдан.

Жаңылыктар түрмөгү
0