Май айында Баткен, Ош, Таласта жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өтөт

© AFP / MAXIM MARMUR Шайлоо. Архив
Шайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айынын үчүнчү жекшембисинде, 17-майда Кыргызстандын алты районунда айылдык кеңештерге шайлоо болот.

БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. Кыргызстандын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештерине шайлоолор 2015-жылдын 17-майында өтөт. Бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев атайын Жарлыкка кол койду деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

17-майда Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Исанов, Көк-Бел айылдык кеңештерине, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык кеңештерине, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо болот.

Буга карата республиканын Баткен, Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Кара-Буура районунун мамлекеттик администрацияларынын башчыларына шайлоолорго даярдык көрүү жана тийиштүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү милдети тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0