Сот залынан милицияны өрттөп, бирөөнү өлтүргөндөр 5 жылдан 19 жылга кесилди

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүМилиционер. Архив.
Милиционер. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусунун Жумгал районундагы сот залында бейбаштык кылып, милицияга кол көтөрүп, аны өрттөп жибергендер жазасын алды.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгал районунун тургунун сабап өлтүргөн эки милиция кызматкери 15 жылга кесилди
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 2014-жылдын 20-февралында Жумгал райондук сотунун залында милиция кызматкерлерин уруп-сабап, өрттөп жиберген жарандарга шаршемби күнү, 25-февралда, Токмок шаардык соту чечимин угузуп, 5 жылдан 19 жылга чейин абакка кесилгенин Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 1-декабрында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын 3 кызматкери (милициянын прапорщиги Б.Ч., милициянын ага лейтенанты С.Ж. жана милициянын майору Т.Р.) Чаек айылынын тургуну А.Мамбеталиевдин автоунаасын токтотуп, кызмат абалынан аша чаап колдонуп, зомбулук көрсөтүп, аны коркутуп, сабашкан. Алган жаракатынын кесепетинен А.Мамбеталиев каза болгон.

Аталган кылмыш иши боюнча сот отуруму 2014-жылдын 20-февралында Жумгал райондук сотунда өтүп жатканда, А.Мамбеталиевдин туугандары жана тарапташтары 16 киши бейбаштык кылып, айыпталуучуларды уруп- сабап, өрттөп жиберишкен. Залдан качып чыккан майор Т.Р. өлтүрүлгөн болчу.

Токмок шаардык сотунун өкүмүнө ылайык, Мааданбек Мамбеталиевди, Карыбек уулу Жыргалбекти, Жээнбек Мусаевди КР Кылмыш жаза кодексинин киши өлтүрүү, саламаттыкка атайылап залал келтирүү, бейбашчылык беренелери менен күнөөлү деп табылып, үй-мүлкү камакка алынып, өз жазаларын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турган болду.

Соттун өкүмүнө ылайык, Мааданбек Мамбеталиев 19 жылга, Карыбек уулу Жыргалбек 18 жылга, Жыргалбек Мамбеталиев 16 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле, Жээнбек Мусаев бейбашчылык, саламаттыкка атайылап залал келтирүү беренелери менен күнөөлү деп табылып, беш жыл алты айга эркинен ажыратылды.

Андан сырткары Максат Кадыров, Рустам Жунушалиев, Эсен Чынарбек уулу, Нурбек Мамбеталиев, Каныбек Нуркамилов, Жамыйла Нааматова, Камила Бейшенкулова, Эсенгул Карагулов, Эраж Кумарбеков, Каныбек Акматов, Бейшенкул Мамбеталиев, Талантбек Макеновго карата эки жылга шарттуу сыноо мөөнөтү белгиленди.

Сөз болуп жаткан милиция кызматкерлери да жасаган иштери боюнча өз жазаларын алып, 15 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0