Салыкчылар борбордогу алты кинотеатр кирешелерин жашыргандыгын аныкташты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКинозал. Архив.
Кинозал. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы Бишкектин бир катар кинотеатрлардын тапкан кирешесин аз көргөздүгүн билдирди.

БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө, Бишкектеги текшерилген алты кинотеатрда салык салынуучу накта түшкөн акчанын азайтылышын аныкташты. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Салыкчылар "Космопарк", "Россия", "Ала-Тоо", "Манас", "Октябрь" жана "Бишкек-Парк" кинотеатрларын, алардын ичинде жана жанында иштеген ишкер субъекттерди текшерди.

"Текшерүүнүн жыйынтыктарына ылайык, калкка кинофильмдерди көрсөтүү кызматынан түшкөн чыныгы кирешелерди жашыруудан, бюджеттин ар айлык болжолдонгон жоготууларынын өлчөмү сатык салыгынан эле 2 млн. сомдой каражатты түзүшү мүмкүн", — деп айтылат мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Мындан сырткары, рейддин учурунда айрым кинотеатрларда көзөмөл-кассалык аппаратты колдонбогон фактылары белгиленди жана кассадан ашык акчалар табылган, бул толук салык салуудан качуу тобокелдиги бар экендиги тууралуу ачыктайт.

"Россия" кинотеатрынын аймагында учурда экзотикалык жаныбарларды көрсөтүү болуп жатат, ага кирүү билеттери салык органдарында катталган эмес жана ККМди колдонбостон сатылып жатат. Райондук салык органдары тарабынан берилген патент жүргүзүп жаткан ишмердиктерине иш жүзүндө туура келбейт", — деп билдирди аталган маалымат кызматы.

Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов салык органдарына жогоруда аталган ишкер субъекттеринин ишмердиктерине, анын ичинде алар тарабынан көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонуулары боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү буюрду.

Жаңылыктар түрмөгү
0