Бишкек, 16-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, Таластагы селдин кесепетинен жабыркаган бардык турак-жайларды, арыктарды, жолдорду тез арада калыбына келтирүү керектигин айтты.
Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Таластагы селдин кесепетинен жабыркаган бардык турак-жайларды, арыктарды, жолдорду тез арада калыбына келтирүүгө тийиштигин айтты.
Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар болуп кетүү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандарыбыз өздөрү да түрдүү кесепеттердин алдын алууга даяр болушу керектигин белгиледи.
Өткөн аптада, Талас облусунун Бакай-Ата менен Кара-Буура райондорунун бир нече айылдарын суу каптап, кооптуулук жаралган үйлөрдүн жашоочулары, бир нече үй-бүлөлөр туугандарыныкына көчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 53 үйдү жана чарбаларынын тегерегин суу каптаган.
Өлкө аймагындагы аба ырайынын кескин бузулушунан улам, аталган министрликтин өздүк курамы, түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрү күчтөндүрүлгөн режим менен иштеп баштады.