Кыргызстанда афганчы-жоокерлерди эскеришти

© Sputnik / Табылды КадырбековДень вывода войск с Афганистана
День вывода войск с Афганистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1989-жылы Афганистандагы согуштан советтик аскерлердин чыгып кеткендигинин 26 жылдыгына карата эскерип, каза болгондордун арбагына багытшталып куран окулду.

Абдыгул Чотбаев генерал-полковник в запасе - Sputnik Кыргызстан
Абдыгул Чотбаев: Афганистан дагы эле түшүмө кирет …
БИШКЕК, 16-фев – Sputnik. Кыргызстанда 1989-жылы Афганистандагы согуштан советтик аскерлердин чыгып кеткендигинин 26 жылдыгына карата эскерүү болду. Ал борбор шаар Бишкектен сырткары республиканын облустарында да өттү.

Бишкектеги эскерүү реквиеми ордо калаадагы “Ата Түрк” сейил багында өтүү. Андан сырткары каза болгон ооганчылардын арбагына багышталып Куран окулду. 

Ишемби күнү Мамлекет башчысы Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы менен куттуктап, кайтпай калгандардын жакындарына көңүл айтты.

Ал афганчы-жоокерлердин Кыргызстандагы тынчтыкты, стабилдүүлүктү коргоого да дайым даяр туруп, кол кабыш кылып келгендигин белгиледи.

Sputnik маалымат сайтына Кыргызстандагы Афганчы ветеран жоокерлердин Кеңешинен Афган согушунда советтик армия 14 427 жоокерин жоготкондугун билдирди. Алардын маалыматында, Кыргызстандан 7142 жоокер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 249у согушта каза тапкан. 585 жоокер ар кандай деңгээлдеги оор жаракаттарды алып, майып болуп кайтышкан.


Жаңылыктар түрмөгү
0