Кыргызстанда Жеңиштин 70 жылдыгына карата балдар тарткан сүрөттөрдүн календары чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанский учебно-методический центр эстетического воспитания "Балажан"
Республиканский учебно-методический центр эстетического воспитания Балажан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Календарь "Балажан" деп аталган балдардын эстетикалык борборунун алты жаштан 16 жашка чейинки тарбиялануучулары тарабынан түзүлүп, ал каалоочуларга бекер таратылат.

БИШКЕК, 14-фев — Sputnik. Эстетикалык жактан тарбия берген республикалык "Балажан" борборунун трабиялануучулары Улуу Ата Мекендин согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата атайын калдендарь түзүштү. Бул туурасында аталган борбордун маалымат кызматынын жетекчиси Эржан Калдыбаев билдирди.

Анын айтымында, борбордун тарбиялануучулары өздөрүнүн тематикалык календарын, негизинен, жаңырган жылдын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу түзүп турушат. Бул жылы календарь эң ири жана маанилүү юбилейге (мааракеге) арналды. 

"Сүрөттөр "Балажан" деп аталган балдардын эстетикалык борборунун алты жаштан 16 жашка чейинки тарбиялануучулары тарабынан тартылып, ал Жеңишке арналды. Ал басмаканадан чыкты", — деп билдирди Калдыбаев.

Мындан сырткары тематикалык календарда балдардын Ысык-Көлдөгү жайкы чыгармачылык жүрүштөр мезгилинде тартылган сүрөттөрү да киргизилген. 

Маалымат кызматынын өкүлү эмгек 100 нускада чыккандыгын, ал өнөктөштөр жана достук мамиледе болгондорго бекер таратыла тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0