Кыргызстандык медиктер эхинококкоз менен күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын табышты

Жазылуу
Кыргыз медиктери биринчи ирет эхинококкоз менен күрөшүү үчүн микробго каршы Декасан деп аталган дарыны колдонушту.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. "Шаардык №1 клиникалык оорукананын дарыгерлери эхинококкоз менен күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын табышты", — деп билдирди аталган оорукананын хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Мусаев.

Анын айтымында, кыргыз дарыгерлери эхинококкоз менен күрөшүү үчүн биринчи ирет Декасан деп аталган дарыны колдонушту.

"Дүйнөдө буга чейин муну эч ким жасаган эмес. Бул дары эхинококктун тирүү элементтерин өлтүрүп, рецидивди 100 пайыз жок кыла тургандыгын билдик", — деп түшүндүрдү бөлүм башчысы. 

Учурда бул дары эхинококкоздун рецидивин алдын алуучу иш-чараларда колдонулгандыктан, Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызматта бул ыкма патенттелди.

Жаңылыктар түрмөгү
0