ЖКда Салижан Жигитов атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу демилгеси көтөрүлдү

Жазылуу
Депуттар Жаңы жыл алдында жакшы демилге баштап, акын жана адабиятчы Жигитов атындагы адабий сыйлыкты түптөө туурасында маселени көтөрүштү.

Архив: Султан Ибраимовдун айкели - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Султан Ибраимовго Эл Баатыры наамын берүүнү колдошту
БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети адабиятчы, профессор Салижан Жигитов атындагы адабий сыйлыкты белгилөө жөнүндө маселени карап, жактырды. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Сыйлыкты уюштурууну демилгесин аталган комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев көтөрүп чыкты.

"Белгилүү жазуучу-акын, адабият таануучу, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитов кыргыз улуттук адабиятына жана адабий таануусуна зор салым кошкон. Бул сыйлык адабият айдыңындагы кийинки жаштарга стимул берип жана кыргыз улуттук адабиятын колдоо максатын көздөйт", — деди Осмоналиев.

Комитет төрагасынын демилгеси комитет мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0