Валерий Диль: Кыргызстан кантка болгон муктаждыгынын 20%ын гана камсыздайт

© Фото / Mykl RoventineСахар-рафинад
Сахар-рафинад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер-министр Валерий Диль кант тармагын өнүктүрүү менен кошумча жумуш орундары түзүлүп, бир катар социалдык маселелер чечиле турганын билдирди.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. КР вице-премьер-министри Валерий Диль кант тармагын өнүктүрүү боюнча агроөнөржай тармагындагы адистер менен кеңешме өткөрүп, Кыргызстан кантка болгон муктаждыгынын 20% гана камсыздай турганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы маалымдады.

"Аталган тармакты өнүктүрүү аркылуу бир катар социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүн. Биринчи кезекте калкты сапаттуу кант менен камсыздоо жана кошумча жумушчу ордун түзүүгө шарт түзүлөт, тармактын келечеги кенен", — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча "Кыргызагроөнөржайкант" түзүмүн уюштуруу чечими кабыл алынды, ага кант тармагын өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгуу маселеси жүктөлдү.

Кант индустриясын жандандыруу программасынын алкагында урук көйгөйүнө илимий мамиле жасоо, заманбап талаптарга жооп берген машина-техникалык парктарды түзүү, кант кызылчасын кайра иштетүү боюнча заводдорду реконструкциялоо жана калыбына келтирүү сунушталууда. Эгер аталган иштер жасалса, жылына 100 миң тоннага чейин кантты өндүрүүгө мүмкүн болору айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0