9-майда Москвада өтчү парадка катышам деген ардагерлерге мамлекет жардам берет

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАрхив: Москвада өтчү парад
Архив: Москвада өтчү парад - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 1,25 миң ардагер калган.

БИШКЕК, 8-дек — Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата Москва шаарында боло турчу парадга катышам деген кыргызстандык ардагерлерге жардам берүүнү вице-премьер-министр Эльвира Сариева жергиликтүү бийлик органдарына тапшырды. 

"Москвада өтүүчү Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына биздин ардагерлерди катыштыруу жана жеринде социалдык жардам берүү иштери жогорку деңгээлде болушу керек", — деди вице-премьер. 

Акыркы маалыматтар боюнча Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 1,25 миң ардагер калган. Жыл башынан бери 300 ардагер каза болгон. Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 300 миңден ашык киши кетип, анын 95 миңи мекенине кайткан эмес. 100гө жакын кишиге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана согуштан жарат алгандарга республикалык бюджеттен ай сайын 7 миң сом жөлөк пул жана өмүрүнүн аягына чейин 3 миң сом стипендия төлөнөт. Андан сырткары жыл сайын Жеңиш күнүнө карата акчалай жардамдар берилет.

Теги: Эльвира Сариева, Москва, Улуу Ата Мекендик согуш

Жаңылыктар түрмөгү
0