ӨКМ жүргүнчүлөргө жолго чыгуунун кооптуулугун эскертти

Жазылуу
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, күрткү болору күтүлүүдө.

Архив: Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу чоң
БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Эки күн бою жааган кардан улам, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүп, күрткү болору күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымат таратты. 

Көчкү менен күрткү машакаты узак делген Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында күтүлүүдө. Андан сырткары Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында да кооптуулук бар. 

Аталган министрлик, эгерде зарылчылык болбосо, жүргүнчүлөр тоолуу жолдордогу жана ашуулардагы коопсуздукту эске алып, жолго чыкпай туруусун эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0