Атамбаев: Түрк тилдүү мамлекеттердин алакасын бекемдөө зарыл

Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңеши
Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңеши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн өз ара маданий алакасын кеңейтүү зарыл. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүн кабыл алганда айтты.

БИШКЕК, 28-окт — Спутник Кыргызстан. Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосунда маданий-гуманитардык чөйрөсүндөгү кызматташуунун түрдүү маселелери талкууланды.

"Кыргызстанда өткөрүлгөн биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн ортосунда маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө кошкон салымы зор болду", — деди Алмаз Атамбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0